I ЭТАП (2026–2027-окуу жылы)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутууну киргизүү жөнүндө 2026-жылдын 23-июнундагы №894/1 буйругу кабыл алынган. Ага ылайык, 2026–2027-окуу жылында I этапта 8-класстарда профилге чейинки даярдоо программасы киргизилип, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багытындагы профилдик программалар апробацияланат жана мектептер менен баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосунда тармактык өз ара аракеттенүү уюштурулат.
Нарын облусунда профилдик окутууну ишке ашыруу боюнча комплекстүү жол картасы
Максаты
Нарын облусунда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында 8-класстарда профилге чейинки даярдоону киргизүү, жогорку класстарда профилдик окутууну апробациялоо жана мектеп–кесиптик билим берүү–жогорку окуу жай–эмгек рыногу ортосунда туруктуу кызматташтык системасын түзүү.
8-класстар үчүн профилге чейинки даярдоо
Максаты
Окуучулардын жөндөмүн, кызыгуусун жана кесиптик багытын аныктоо.
"Нарын облустук билим берүүнүн усулдук борбору" мекемесинин милдети
профилге чейинки даярдоо программасын иштеп чыгууга;
усулдук колдонмолорду даярдоого;
мектеп директорлорун окутууга;
директордун орун басарларын окутууга;
класс жетекчилерди даярдоого;
кесиптик багыт берүү боюнча методикалык жардам көрсөтүүгө.
Райондук билим берүү бөлүмдөрү
мектептерге усулдук жардам көрсөтүү;
мониторинг жүргүзүү;
кварталдык отчет даярдоо
Жалпы билим берүү уюмдары Ар бир мектепте:
профилдик окутуу боюнча жумушчу топ түзүлөт;
кесиптик багыт берүү боюнча координатор дайындалат;
ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт;
окуучулардын кызыгуусуна диагностика жүргүзүлөт;
ар бир окуучуга жеке билим берүү траекториясы түзүлөт.
Жогорку класстарда профилдик окутууну апробациялоодо ар бир мектеп мүмкүнчүлүгүнө
жараша төмөнкү багыттарды ачат
Академиялык багыт
Кыргыз билим берүү академиясы
Борбор Азия Университети
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарындагы Кадырбай Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжи
Профилдер
физика-математика
химия-биология
гуманитардык
чет тилдер
санариптик технологиялар
Кесиптик-колдонмо багыт
кесиптик лицейлер, колледждер, мамлекеттик мекемелер, жеке сектордун багыттары
Профилдер
айыл чарба
ветеринария
IT
энергетика
курулуш
кызмат көрсөтүү
ашпозчулук
тигүү өндүрүшү
туризм
ишкердик
Ар бир райондо иш берүүчүлөрдүн ролу
Педагогикалык кадрларды даярдоо
Нарын облустук билим берүүнүн методикалык борбору төмөнкү багыттар боюнча окутууларды уюштурат:
профилдик окутуу
компетенттүүлүккө негизделген окутуу
кесиптик багыт берүү
STEM
санариптик билим берүү
жасалма интеллектти колдонуу
долбоордук окутуу
формативдик жана суммативдик баалоо
Ар бир мектеп ата-энелер менен
кесиптер жарманкеси
ата-энелер жыйыны
иш берүүчүлөр менен жолугушуу
“Ачык эшик” күндөрү
университеттердин презентациялары
кесиптик лицейлердин көргөзмөлөрү өткөрүлөт
Мониторинг
Нарын облустук билим берүүнүн методикалык борбору ар бир кварталда
окуучулардын профилдик тандоосу
кесиптик багыт берүү иш-чараларынын саны
өнөктөштөрдүн саны
экскурсиялардын саны
практикалардын саны
мугалимдердин даярдыгы боюнча маалыматтарды чогултат
ата-энелердин катышуусу
Жол картасы
Күтүлүүчү натыйжалар
Нарын облусундагы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 8-класстар үчүн профилге чейинки даярдоо киргизилет.
Ар бир мектепте кесиптик багыт берүү боюнча координатор иш алып барат.
Мектеп – кесиптик лицей – колледж – жогорку окуу жай – мамлекеттик орган – иш берүүчү ортосунда туруктуу тармактык кызматташуу түзүлөт.
Окуучулар эмгек рыногунун талаптарына ылайык кесиптик багыт алып, жогорку класстарда аң-сезимдүү профилди тандай алышат.
Нарын облусунда профилдик окутуунун туруктуу регионалдык модели калыптанат жана аны кийинки этаптарда бардык мектептерге масштабдоо үчүн негиз түзүлөт.